Бүгүн, 7-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы менен Бангладештин беттешине президент Садыр Жапаров келди.
Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.
2-сентябрда Бишкекте башталган “Үч улуттун кубогу” мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алган.
Кошумчалай кетсек, Эл аралык футбол мелдеши бүгүн, 7-сентябрда аяктайт. Турнирге Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышууда. 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш ойногон.