Бүгүн, 2-сентябрда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо «Үч улуттун кубогу» жолдоштук мелдешинин алкагында Кырызстан Палестинаны 1:0 эсебинде жеңди.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы Палестина менен беттеште салттуу кызыл кийим кийип чыкты. Ал эми атаандаш команда ак кийимчен болду.
Биринчи бөлүктө жарым коргоочу Азим Аскаров Палестинанын дарбазасына алгачкы голду киргизип, эсепти ачкан.
Эскерте кетсек, бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өтүүдө.