• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Футбол: Кыргызстандын эки оюнчусу Мьянма менен беттештен четтетилди

8 Кулжа 2021 16:27 Бишкек Govori.TV

ФИФАнын Дисциплинардык комитети кечээ, 7-июнь Монголия — Кыргызстан футболдук беттешинен кийин Улуттук кураманын оюнчулары Тамирлан Козубаев менен Кайрат Жыргалбек уулун Мьянма менен боло турган оюндан четтетти. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди.

Маалыматка ылайык, Монголия жана 2019-жылы орун алган Тажикстан менен болгон беттеште эки оюнчу тең эскертүү кагазын алган.

Андан тышкары, Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Аваз Откеев, Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаев да коронавируска шек саналгандыктан, оюндан четтилиши мүмкүндүгү айтылды.

Бирок, айтылып жаткан оюнчулардын биринен да оорунун терс белгилери байкалган эмес. Жагдай боюнча оюн өткөрүп жаткан тарап да түшүндүрмө берген жок. Өз учурунда Кыргызстан футболдук союзунун жетекчилиги уюштуруу комитетине, Япониядагы Кыргызстандын өкүлчүлүгүнө кат менен кайрылды. Азырынча алардан так жооп келе элек.

 Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 11-июнда өтөт.

Количество просмотров: 283