• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Футбол талаасына чуркап чыккан жаранга кылмыш иши ачылды

11 Тогуздун айы 201915:19 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 10-октябрда беттеш учурунда футбол талаасына чуркап чыккан күйөрманга карата «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарандын аты-жөнү такталып, Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө алып келинген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «бейбаштык» беренеси боюнча катталды. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешти. Натыйжада, Ак шумкарлар 7:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Количество просмотров: 138