• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Гүлчөдө жоокер токко урунуп, денесинин 80 пайызы күйүп калды

5 Бештин айы 2019 10:00 Бишкек Govori.TV

Гүлчө айылындагы № 36806 кургактагы аскер бөлүгүнүн жоокери токко урунду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, жоокердин далысындагы радиостанция жарылып кетип, денесинин 80 пайызы күйүп калды.

«Жабырлануучунун абалы оор деп бааланууда. Ал Ош облустук бириктирилген ооруканада жатат», — деп билдиришти редакцияга.

Мындай окуя алгачкы жолу болуп жаткан жок.

Эске салсак, жоокер Руслан Сапарбаев токко урунуп, 2 колун кестирүүгө мажбур болгон.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, жабырлануучу кезмет өтөп жатып электрдик подстанциянын аймагына кирген. Тыюу салынган белгиге карабай трансформатордук будкага киргенде, аны ток урган. Анын энеси Венера Сейталиеванын айтымында, уулу эч кандай инструкцияны бузган эмес. Ал аталган аймакта ток бар экенин билген эмес.

Количество просмотров: 81