• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Үгүт ишиндеги ооздукталбалган мыйзам бузуулар шайлоодо коркунуч жаратат

7 Чын куран 2021 19:06 Бишкек Govori.TV

Учурда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт иши кызуу жүрүп жатат. Өзгөчө Бишкек менен Ош шаарында саясий өнөктүк Жогорку Кеңештин шайлоосунан кем калышкан жок. Муну менен катар шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулар да эриш-аркак катталууда.

Шайлоо өнөктүгүнүн мыйзамдуу талаада өтүүсүнө өбөлгө түзүү иши Ички иштер министрилигине жүктөлгөн.

Деген менен биринин артынан бири катталган мыйзам бузуулар коомчулукка соцтармак аркылуу жетүүдө.  Андагы маалыматтар боюнча үй башчылары, мектеп директорлору, мугалимдер  тарабынан административдик күчту колдонуу менен тигил же бул партияга колдоо кылып коюу демилгеси таңууланып жатканы айтылат. А түгул айрым партиялар алдын ала ыраачылык ирээтинде азык түлүк каражаттарын таратып жүргөнү кошумчаланат.

Шайлоо өнөктүгүндөгу мыйзам бузууларга көз салган Жалпы иш коомдук фонду жүргүзгөн мониторингге ылайык, мыйзам бузуулар боюнча борбор калаа менен Ош шаары алдыга чыккан.

Үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды БШК карап, иликтеп чыгып, чын-төгүнүн аныктайт. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гульнара Джурабаеванын айтымында азыркы учурда дал ушул бузуулар боюнча, тагыраагы добуш сатып алуу фактысы менен 1 талапкер шайлоо жарышынан четтеген.

Ал эми 30-мартта өткөн координациялык топтун жыйынында Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова комиссиясынын координациялык тобуна мыйзам бузуу боюнча 31 маалымат түшкөнүн жана ага карата чаралар да каралганын айткан. Төрайым кошумчалагандай, алардын арасында резонанс жараткан маселелер да бар.

Журналист жана БШКнын жумушчу тобунун  мүчөсү Семетей Аманбеков бул жолку шайлоодо көп кабаттуу үйлөрдүн башчылары ошол үйдүн жашоочулары кайсы партияга добуш бере тургандыктарын чечип калганын айтат.  Ал  домкомдорго тийиштүү органдардын учурда такыр эле күчү жетпей жаткандай элес калтырууда дейт.

Мындай сыңары пикирин айткан БШКнын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр АбдрахматоваБорбордук шайлоо комиссиясы менен күч түзүмдөрү шайлоодогу мыйзам бузууларды жөн гана каттап коюуучу статистикалык орган болуп калганы сынга алды.

Жогорку Кеңешке шайлоо алдындагы башкы даярдык катары сыпатталган шаардык кенештердин депутаттарын шайлоо биринен бири өтүп жандуу болуп жатканы байкалууда. Саясий серепчи Эмил Жураевдин айтымында жергиликтүү кеңештин депутаты болууга ашыккандардын ар бирини өзүнүн көздөгү бар.

Белгилей кетсек, 11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандатка 1 820 талапкер  ал эми Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 707 талапкер ат салышып жатат. Шайлоодон утуп чыккан партиялар 4 жыл иштейт. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталган, бул өнөктүк 9-апрелге чейин уланат.

Количество просмотров: 100