• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Газа тилкесинен дагы эки кыргызстандык эвакуацияланды

5 Бештин айы 2023 17:25 Бишкек Govori.TV

Газа тилкесинен дагы эки кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар 4-декабрда Газадан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен чыгарылды.

Кыргыз тарап Газа тилкесинен КР жарандарын ийгиликтүү эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн бардык тараптарга ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин ноябрдын аягында Газа секторунан Кыргызстандын эки жараны эвакуацияланган.

Теги:
Количество просмотров: 77