Израилдин Коргоо күчтөрү Газа тилкесинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан Газа шаарынын бардык тургундарын «коопсуздугу үчүн» үйлөрүн таштап, аймактын түштүгүнө көчүүгө чакырды.
«Жакынкы күндөрдө Израилдин куралдуу күчтөрү Газа шаарындагы активдүүлүгүн улантат жана карапайым жарандарга зыян келтирбөө үчүн бардык аракеттерди жасайт», — деп айтылат билдирүүдө.
Израил армиясынын билдирүүсүндө бул Газа тургундарынын коопсуздугуна багытталганын, ХАМАСтын согушкерлери «Газа шаарында үйлөрдүн астындагы туннелдерге жана карапайым жарандар жашаган имараттардын ичине жашынып», аларды тирүү калкан катары колдонуп жатканы айтылат.
Булак: centralasian.org