• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«GOVORI.TVга» DdoS-чабуул болду

4 Бирдин айы 2020 15:49 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиалык маалымат агенттигине DdoS-чабуул болду. Сайт 4-февралга караган түнү жана эртең менен ачылбай, иш үзгүлтүккө учурады.

Маалым болгондой, серверге чабуул Орусия жана Америка өлкөлөрүнөн жасалган.

Азыркы тапта сайттагы мүчүлүштүктөр атайы адистердин жардамы менен калыбына келтирилип, иштеп жатат.

Эске салсак, 17-декабрда өлкөдөгү бир нече маалымат каражаттары хакердик чабуулга туш болгон. Мындай чабуулдан улам Factcheck.kg, Ecomonist.kg, Kloop.kg, Kaktus.media, Sokol.media, Vb.kg, Knews.kg, Today.kg, Politklinika.kg cайттары ачылбай, иштебей калган.

Кошумчалай кетсек, DDoS-чабуул бул — сайтты бузуу үчүн серверге бир эле учурда бир канча жол менен аракет кылуу.

 

Количество просмотров: 148