• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Хабиб менен Порье мушташтан кийин өздөрүнүн аттары жазылган футболкаларын алмашып кийишти

9 Аяк оона 2019 13:07 Бишкек Govori.TV

Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порье мушташтан кийин өздөрүнүн аттары жазылган футболкаларын алмашып кийишти.

Анда Хабиб “мен билем сен бул футболкалар менен кайрымдуулук иш чарасын өткөрүп жатасың колумдан келишинче бул футболкалардын баарын сатып, түшкөн акчасын сага которуп берем”,- деген убадасын берди!

Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов алгачкы жолу чемпиондук курга 2018-жылы америкалык Эл Яквинтаны утуп ээ болгон. Ошол эле жылы 6-октябрында ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду жеңип, наамын коргоп калган. Нурмагомедов карьерасында 28 беттешти утуп, бир да жолу жеңилген эмес.

Количество просмотров: 813