Бишкек. 05.10.2018. Govori.TV
Бүгүн, 5-октябрга караган түнү Американын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында UFC 229 турнириндеги негизги беттештин катышуучулары Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун маалымат жыйыны болду.
Бирок, жыйын эки атаандаштын катышуусунда өткөн жок. Хабиб Нурмагомедов жыйынга өз учурунда келип, пунктуалдуу экенин көрсөткөн. Ал эми Ирландиялык Конор Макгрегор 27 мүнөт кечигип келди. Маалымат жыйыны экинчи тарапты күтпөстөн башталып, Хабиб Нурмагомедов журналисттер менен күйөрмандардын суроолоруна жооп берди.
Ал убакытка так экенин белгилеп, атаандашын 15 мүнөт күткөндөн кийин залды таштап чыгып кетти. 12 мүнөт өткөндөн кийин келген Конор Макгрегор суроолорго жооп берүү менен маалымат жыйын улантылды. Аталган турнир Лас-Вегас шаарында 7-октябрда өтөт.