Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык атаандашы, UFC уюмунун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону Дастин Порьени муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.
Бул жолу Абу-Дабиде өткөн UFC 242 турниринде Хабиб Нурмагомедов атасынын коштоосунда чыкты.
Белгилей кетсек, дагестандык спортчу Порьени жеңсе, анын гонорары алты миллион доллардан ашары айтылган.