• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Хеллоуин майрамында каскадер оюн көрсөтүп жатып каза болду

5 Жетинин айы 2018 10:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.10.2018.Govori.TV
Алмата шаарында Хеллоуинди майрамдап жаткан учурда каскадер каза болду. Казакстандык NUR.KZ маалымат булагы Казакстандын көңүл ачуучу клубтарынын биринде Хеллоуин мааракесин майрамдап жатканда каскадердун мерт кеткенин жазып чыкты.
Бул өлүм тууралуу маалыматтын чын экенин Спутник Казакстан тастыктады.
Түзүлгөн ценарий боюнча артистер жана каскадерлор патолокко асылып, оюн көрсөтүшү керек болгон. Инстаграмга тараган тасмадагы кадрлардан оюн көрсөтүп жаткан каскадердун абалы оорлой баштаганы көрүнөт.
Бул видео социалдык желге тарап аны көргөндөрдүн каттуу реакциясын пайда кылды. Алар комментарийге автордун бул видеону өчүрүп коюусун өтүнүштү.
Каскадер өлүмгө жакындап өзүн жаман сезип жатканда жаштар шарап ичип,бийлеп ырдап жаткан. Каза болгон каскадер Казакстандык белгилүү Касым Жумагужин экени белгилүү болду. Ал мындай асылган оюндарды далай ирет көрсөткөндүктөн, бул тармакта ал профессионал болгонун достору айтып жатышат. Ал Голливуд тасмаларында жана Казакстандын бир нече тасмаларында роль жараткан.      Касым Жумагужин өлүп бара жатканда белги берип,жардам сурабаганын дагы белгилүү болду.
34 жаштагы атактуу каскадердун артында балдары жана жубайы калды.

https://www.facebook.com/360promedia/videos/2129290180732662/

 

Количество просмотров: 16