Хирургтар уюлдук телефондун жарыгы менен операция жасашты
Хирургтар уюлдук телефондун жарыгы менен операция жасашты
25 Тогуздун айы 2018 8:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.10.2018.Govori.TV
Кыргызстандын түштүгүндө жүрөккө операция жасалып жаткан учурда электр энергиясы өчүп калган. Бирок, бул кырдаалга карабай пациенттин өмүрүн сактап калуу үчүн хирургтар жумушун уюлдук телефондун жарыгы менен улантууга мажбур болушкан. Бул тууралуу түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясынын илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов соц. тармактагы баракчасына видео жүктөдү.
«Бул күн менин профессионалдуу эмгек жолумдагы эң оор күнүм болуп калды» деп жазган ал.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …