• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК: Айыл чарба азыктарын экспорттоодогу кылмыш аныкталды

18 Тогуздун айы 2021 10:01 Бишкек Govori.TV

Айыл чарба азыктарын экспорттого байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө айып тагылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуу жол-жоболорун талдоо учурунда, айыл чарба азыктарын өлкөнүн чегинен тышкары жактарга экспорттоого тоскоолдуктарды түзгөн кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталды. Анын натыйжасында өндүрүүчүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукциянын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушууда.

«Иликтөөнүн жыйынтыгында, Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин айрым кызматкерлери, бул коррупциялык схеманы уюштурган логистикалык компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле «Дордой Дыйкан» базарынын директору «С.Э.М» кармалып, жоопко тартылды»,-деп айтылат маалыматта.

УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантууда.

Теги:
Количество просмотров: 88