• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: 5-сентябрда өтүүчү иш-чаралардын тизмеси

5 Аяк оона 2018 9:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.09.2018. Govori.TV
 Көчмөндөр оюндарынын төртүнчү күнү.
Бүгүнкү боло турчу мелдештердин тизмеси:
Саат 9:00 – 18:10, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү өтөт
Саат 9:00 – 12:00, Чолпон-Ата шаарындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплексте сумо мелдеши болот
Саат 9:00 – 20:00, Чолпон-Ата шаарындагы комплексте кыргыз күрөшү өтөт
Саат 10:00 – 12:00, Чолпон-Ата шаарында тогуз корголдун IV туру
Саат 12:30 – 15:00, монгол бох мелдеши болот
Саат 15:00 – 15:40, мангала оюнунун IV туру өтөт.
Саат 15:30 – 20:00, сирым мелдеши болот.
Саат 16:00 – 17:00, ашыртмалы аба гюреши, гюлеш өтөт.
Саат 17:00 – 17:40, овари мелдешинин IV туру.
Саат 18:00 – 19:30, ат майданда эр эңиш болот.
Ал эми Кырчын жайлоосунда да бир катар иш-чаралар пландалган:
Саат 9:00 – 20:00, республикалык «Улуттук каада-салт» сынагы
Саат 10:00, республикалык «Ала кийиз» сынагы
Саат 10:00 – 18:00, Пансионаттар Ордосу
Саат 10:00 – 18:00, республикалык «Улуттук каада-салт» конкурсу
Саат 10:20, «Терме согуу» конкурсу
Саат 10:35, «Чий согуу» конкурсу
Саат 10:45, «Кыл аркан эшүү» конкурсу
Саат 11:00, «Камчы өрүү жана саптоо» конкурсу
Саат 11:15, «Уук жасалуучу талды тез арчуу» конкурсу
Саат 11:20 – 11:55, «Жүк жыюу» конкурсу
Саат 11:55 – 12:15, «Ийик ийрүү» конкурсу
Саат 12:15 – 13:00, «Жөө айтыш» конкурсу
Саат 13:00 – 14:30, «Улуттук кийимдер» конкурсу (облустарга бөлүнөт)
Саат 14:00 – 17:00, «Балдардын этно оюндары» ЮНИСЕФ менен биргелешкен долбоор
Саат 14:30 – 17:30, Эл аралык «Айтыш» конкурсунун финалы
Саат 17:30 – 20:00, «Боз үйдү ылдамдыкта тигүү» оюну
Саат 20:00 – 23:00, Эл аралык «Мөңгү» кинофестивалы

Көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталган, 8-сентябрда аяктайт.

Количество просмотров: 25