• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

ИИМ: 22-октябрга карата 223 кылмыш, 161 жорук катталды

23 Тогуздун айы 2020 9:43 Бишкек Govori.TV

Республика боюнча 22-октябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 223 кылмыш, 161 жоруктар каттоого алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

«Кыргызстанда абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп жатканы айтылды.

Количество просмотров: 74