• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

ИИМ: Абакка баңгизат ыргыткан жарандар кармалды

11 Аяк оона 2023 16:01 Бишкек Govori.TV

Москва районунда жайгашкан түзөтүү мекемесине баңгизат ыргыткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ыргыткан жеринен өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү скотч менен оролгон эки брикет табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, ыргытылган зат жалпы салмагы 454 граммды түзгөн гашиш багиңзаты экени аныкталган.

Аталган факты боюнча мыйзамга ылайык кылмыш иши козголуп, түзөтүү мекемесинин аймагына баңгизат ташууга шектүү Жайыл районунун 1999-жылы туулган А.Д. жана 1995-жылы туулган М.Б. тургандары аныкталып, соттун чечими менен А.Д. камакка алынган.

Азыркы учурда мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, соттолгондордун арасында шектүүлөрдү аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Количество просмотров: 100