• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ИИМ: «Акыркы коңгуроо» салтанатын өзгөчө майрамдагандар жоопко тартылат

7 Кулжа 2022 11:59 Бишкек Govori.TV

Өзгөн райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Төрт-Көл айыл аймагында, окуу жылынын аяктаганына байланыштуу, акыркы конгуроо салтанатын өткөрүү боюнча окуучуларга жана мугалимдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


«Түшүндүрүү иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга, мугалимдерге, жана ата-энелерге майрамга карата акча каражатын жыйноого, кафе- ресторандарда, оюн-зоок өтүүчү жайларда, табиятта эс алууга тыюу салынгандыгы эскертилди»,-деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле аталган майрам күндөрү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй тургандыгын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган туруктуу жана жылып жүрүүчү посттор, түнкү кайгуулдар болоору жеткирилди.


Мындан сырткары эгерде жогорудагы көрсөтүлгөн талаптарды бузгандар аныкталса, Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 74-беренеси менен ата-энелер, мыйзамдуу өкүлдөр, кафе-ресторандардын, эс алуучу жайлардын ээлери, жана жаш балдарды автоунаага салып ташыган айдоочулар жоопкерчиликке тартылуусу жеткирилди.


Кошумчалай кетсек, мындай иш-чара Ош облусунун Араван, Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорунда жүрүп жатат.

Количество просмотров: 184