• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ИИМ: Бишкекте башка бирөөнүн батирлерин сатып жиберген жаран кармалды

27 Бугу 202516:47 Бишкек Govori.TV

Бишкекте башка бирөөнүн батирлерин сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматына арыз менен алдамчылык аракеттерден жабыр тарткан жаран кайрылган.

«Шектүү жабырлануучуга Бишкек шаарынан имарат таап берүүнү убадалап, жалпы суммасы 190 миң АКШ доллары турган “Южный” комплексиндеги батирлерин ээлеп алган. Андан соң аны үчүнчү жактарга сатып жиберген. Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон», — деп жазылат маалыматта.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү жаран 1970-жылы туулган Ш.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 237