• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ИИМ: Бишкектеги окуу жайлардын бири мыйзамсыз миграцияны уюштуруп одоно тартип бузган

1 Бирдин айы 2021 16:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын бири мыйзамсыз миграция уюштурган факты аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуу жай чет элдик жарандарды университетке билим алууга чакырымыш болуп, мамлекеттик органдарга жалган маалымат берген. Университет мыйзамсыз миграцияны уюштуруу менен «Тышкы миграция жөнүндөгү» мыйзамды одоно бузган.

«Бишкек шаарындагы билим берүү окуу жайларынын бири кызмат көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагына келүү үчүн чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз миграцияны уюштуруп, мамлекеттик органдарга жалган маалыматты берип, мыйзамдын талаптарын одоно бузушкан. Анын натыйжасында оор кылмыш жасалып (банкты тоноого) оор кесепеттерге алып келген»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. Андан сырткары, Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин бири миграциялык мыйзамды бир нече жолу бузгандыгы аныкталып, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тиешелүү чараларды көрүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 204