• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ИИМ БШКдагы окуя боюнча маалымат таратты

21 Тогуздун айы 2020 18:22 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн күбө катары суракка алуу маселеси боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, 5-6-октябрда Бишкекте болгон башаламандык Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмүнүн («Жапырт башаламандык») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталган.

«Жапырт башаламандыкка түрткү болгон себептерди аныктоо максатында ИИМдин Криминалдык милиция кызматы 5-октябрдагы окуянын жагдайларын аныкташ үчүн Боршайкомдун бардык мүчөлөрүн кабарлама жазып берүү менен күбө катары суракка алуу тууралуу тергөө тапшырмасын берген», деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Буга чейин БШКнын имаратына ИИМдин кызматкери кирип барып, Боршайкомдун мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылганын 21-октябрда мекеменин басма сөз кызматы кабарлаган болчу.

Теги:
Количество просмотров: 64