• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМ БШКнын баардык мүчөлөрүн суракка чакырды

21 Тогуздун айы 2020 16:01 Бишкек Govori.TV

ИИМдин 2-бөлүмүнүн кызматкерлери БШКга келип, алардык баардык мүчөлөрү суракка келүү керектигин айтышкан. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, БШКнын мүчөлөрү 5-октябрдагы башаламандык тууралуу суралаары айтылган.

«Эгер суракка баруудан баш тартсак, милиция кызматкерлеринин тобу келе турганын айтышты. Учурда тергөөчү милициянын нарядын чакырды», — деп билдиришти БШКдан.

Эске салсак, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүп, ага катышкан 16 партиянын төртөө жеңишке жеткени кабарланган. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясынан кийинки жапырт тополоң өлкөнү саясий кризиске алып келген. БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. Президент да отставкага кеткендиктен, мыйзам боюнча үч ай аралыгында мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү керек.

Ал эми Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөрү бүгун кабарланган.

Количество просмотров: 108