• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМ чагымчыл маалыматтарды тараткандарды жазалайт

17 Бештин айы 2020 15:07 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги аймактар, улуттар аралык кастыкты козуткан маанидеги материалдарды даярдагандар жана тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Маалыматка караганда, президенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгү башталганына байланыштуу, WhatsApp жана башка социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды тараткан фактылар орун алууда. Буга байланыштуу, ИИМ аймактык бөлүктөрү менен биргеликте чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

«Аймактар, улуттар аралык кастыкты козуткан маанидеги материалдарды тараткандар Жазык кодексинин 313-беренесине (расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат»,-деп айтылат маалыматта.

ИИМ мындай фактылар болсо 102 кызматы аркылуу маалымдап коюуну өтүнөт.

Количество просмотров: 48