Бул тууралуу бүгүн, 5-январда БШКнын ыкчам чара көрүү тобунун отурумунда ИИМдин өкүлү Сыргак Айткурманов билдирди.
Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу (ЫЧКТ) Кара-Суу районундагы Киров айылында белгисиз адамдар шайлоочуларды опузалап жатканы тууралуу маалыматы териштирилди.
«Мындай мазмундагы арыз менен Боршайкомго «Жалпы иш» коомдук фонду кайрылган. Арызда Кара-Суу районунун Киров айылында белгисиз адамдар үймө-үй кыдырып, Садыр Жапаров тиешелүү өлчөмдөгү добуш албай калса, «жаман болорун» айтып эскертишкени тууралуу жазылган. Маалымат Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтулүп, 3-январда электрондук маалыматтар журналына катталган. Текшерүүнүн алкагында жергиликтүү тургундардан көрсөтмө алынып, алар Киров айылына эч кандай бейтааныш адамдар келбегенин социалдык тармактардагы маалыматтар жалган экенин билдиришкен»,-деди ИИМдин өкүлү Сыргак Айткурманов.