• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

ИИМ Курсан Асановдуку делген аудио боюнча башка экспертиза дайындайт

7 Тогуздун айы 2021 14:26 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги абакта жаткан Курсан Асановдуку делген аудио боюнча башка экспертиза дайындайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Асановдун адвокаттары өткөргөн экспертизалар кылмыш ишинде далил катары кабыл алынбайт. Анткени экспертиза башка материалдарды салыштыруу менен өткөрүлгөн эмес.

«Тергөө жаңы лингвистикалык жана үн экспертизасын дайындоону карап жатат. Эксертизаны өткөрүүнү салыштыруу материалдары менен кошо мамлекеттик тийиштүү органдарга тапшырат», — деди министрликтин басма сөз кызматы.

Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова 6-октябрда социалдык тармакка тараган Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиону Орусиянын жана Казакстандын эки экспертизасы монтаждалган деп тыянак чыгарып бергенин билдирген.

Количество просмотров: 273