• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМ: Кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 20 жаран кармалды

16 Бештин айы 2020 11:45 Бишкек Govori.TV

Республиканын бардык аймагында масштабдуу ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Анын алкагында кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 20 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Криминалдык милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Криминалдык милиция кызматы башка бөлүктөр менен биргеликте жакында республиканын аймагында укук бузуулардын алдын алууга, кылмыштарды аныктоо жана бетин ачууга багытталган кеңири ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү.

Ал аралыкта республиканын аймагында 292 кылмыш менен жоруктардын, анын ичинен оор кылмыштардын бети ачылды. Адам өлтүрүү — 1, зордуктоо — 1, мүлктөрдү уурдоо — 115, 60тан ашык алдамчылык фактысы, 16 — бейбаштык, 4 факты сойкулук кылууга тартуу жана ыпластыкка көмөктөшүү, 2 факты экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратуу аныкталып, ок атуучу куралдар жана баңгизаттар табылып алынды.

«Кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 20 жаран кармалды. Дайынсыз жоголгон 6 адам табылды. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын алкагында 260 ашык обьект, анын ичинен соода-түйүн комплекстери, эс алуу жайлары, мейманканалар жана башка мекемелер текшерилди. Ички иштер органдарына өздүктөрүн тактоо үчүн 243 адам жеткирилип, анын ичинде 6 чет өлкөлүк жаран бар», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын аймагында 149 кылмыштын бети ачылды, анын ичинен 65 уурулук, 38 алдамчылык, 4 тоноо, 2 баңги кылмышы. Бул аралыкта 65 обьект, анын ичинен 4 соода-түйүн комплекси, 34 мейманкана, 27 сауна текшерилди.

Количество просмотров: 28