ИИМдин басма сөз кызматы кызды күч колдонуп унаага салып жаткан видео боюнча билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, видеодогу кыз менен бала аялы-күйөөсү болгонун
«Алар аялы жана күйөөсү болушкан. 22 жаштагы Р.М. жана 23 жаштагы Ж.А. Чүйдүн Ысык-Ата районунун тургундары. Алар өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Учурда бири-бирине эч кандай доолору жок», — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин интернетте жаш жигит кызды зордоп унаага салууга аракет кылып жаткан видео тарады. Окуя 15-апрелге караган түнү «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайда болгон.