• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМ прокурордун өлүмүнө шектүү кыйноого алынганын четке какты

26 Жетинин айы 2018 10:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.11.2018.Govori.TV.
Ички иштер министрлиги Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүү боюнча шектүү Мелис Калыков милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын төгүнгө чыгарды.
Билдирүүдө айтылгандай, Калыковду адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалгандан кийинки тергөө чараларынын баарына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары катышкан жана аны эч ким урган эмес. Сурактын алдында шектүү медициналык кароодон өткөрүлгөн жана анын бүтүмүндө кармоого чейин Мелис Калыковдун денесине залака келгени көрсөтүлгөн.
Баштапкы тергөө учурунда Калыков прокурор менен мушташуу учурунда денесине жаракат алганы аныкталган. Алгачкы маалыматтарга караганда, алар айтышып, аягында мушташа кеткенде Мелис Калыков прокурор Анарбай Мамажакыповду аңчылык куралы менен атып салган. Ал кылмышын жашыруу үчүн маркумдун денесин өрттөп жиберген. Анарбай Жакыповдун 80% денеси күйүп кеткен, аны туугандары оңой менен тааныган эмес.
23-ноябрда Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов шектүү Мелис Калыков кыйноого кабылганын билдирген. Ал шектүүнүн денесине көгала тактар аныкталганын белгилеген. Калыковдун арызында айтылгандай, аны милиция жана прокуратура кызматкерлери тергөө учурунда уруп-сабаган. Мелис Калыков учурда Оштогу убактылуу кармоочу жайда кармалууда.
Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Мамажакыповдун өлүмү боюнча шектүү катары облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалып, эки айга камалган. Калыковдун апасы Гүлбара Абдрашитова уулун күнөөлүү деп эсептебей турганын буга чейин “Азаттыкка” айтып берген эле.
Количество просмотров: 36