• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ИИМ Россияга ишке бара жаткан кыргызстандыктарга чек арадан кирүү эрежелерин эскертти

7 Тогуздун айы 2022 11:27 Бишкек Govori.TV

КР Ички иштер министрлиги Россияга ишке орношуу максатында бара жаткан кыргызстандыктарга чек арадан кирүү эрежелерин эскертти.

Министрлик Россиянын 2021-жылдын 1-июлундагы №274-ФЗ «Россиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү» жана «Россиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү» мыйзамдары күчүнө киргендигин маалымдайт.

Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүүгө;
  • Россияга барганда 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбойбу, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулар бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшү керек;
  • медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу керек.

«Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Россиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат. Ушуга байланыштуу КР ИИМи Россияга бара жаткан мекендештерге жогоруда аталган Федералдык мыйзам менен таанышууну жана жаңы талаптарды сактоону сунуштайт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 542