• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ИИМ системасында штаттык санды оптимизациялоонун II этабы аяктады

23 Аяк оона 2019 14:12 Бишкек Govori.TV

 ИИМ системасында штаттык санды оптимизациялоонун II этабы аяктады. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында ИИМдин маалымат кызматынын катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтымында, бул иштердин баары милиция кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн жасалды.

«Ички иштер министрлиги облустардын ИИББ, ИИБнин, ИИМдин борбордук аппаратынын штаттык санын оптимизациялоо жүргүздү. Ал элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу жана коомчулук менен диалог түзүү, аймактарда жарандардын кайрылууларына өз учурунда аракет көрүү үчүн жасалды», — деди ал.

Оптимизацияны жүргүзүүнүн жыйынтыгында, жоруктар боюнча бөлүм жана тергөө кызмат бөлүмдөрүн жана аймактык, анын ичинде милициянын шаардык жана айылдык бөлүмдөрүн күчтөндүрүү үчүн борбордук аппараттардан 262 штаттык бирдик берилген.

Ошондой эле ИИМдин борбордук аппаратынан 118 штаттык бирдик кыскартылып, аймактык бөлүмдөргө берилген. Республиканын ИИБнин аймактык бөлүмдөрүнө, тергөө бөлүмдөрүн күчтөндүрүү үчүн кошумча 95, жоруктар иши боюнча бөлүмгө 99 штаттык бирдик берилген.

Количество просмотров: 31