• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

ИИМ: Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолго бүгүн убактылуу чектөөлөр коюлат

26 Теке 201915:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.07.2019.Govori.TV.

Ысык-Көлдөгү Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолго бүгүн бир саатка убактылуу чектөөлөр коюлат. Бул тууралуу ИИМ маалымдайт.

«Бүгүндөн башка  күндөрү жолдо эч кандай чектөөлөр киргизилбей, жолдор ачык болот. 26-28-июль күндөрү Ысык-көл облусуна бара жаткан учурда жолдо эч кандай тоскоолдуктар болбойт. Бирок,  жол кыймылынын эрежелерин сактаңыздар», — деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Баткенден Чолпон-Ата шаарына келет. Мамлекет башчылары Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыгын Чолпон-Атадан чыгарат.

Количество просмотров: 67