• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ИИМ: Терек-Сайда мыйзамсыз сурма казган төрт факт катталды

7 Бештин айы 2018 9:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.12.2018.Govori.TV.
Чаткал районунун Терек-Сай айылында бейбаштык боюнча эки, мыйзамсыз сурма казган төрт факт катталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 6-декабрда парламентте маалымат берип жатып билдирди.
Жогорку Кеңеш бул сессияда “Эти Бакыр Терек-Сай” жоопкерчилиги чектелген коомунун тегерегинде түзүлгөн кырдаал боюнча тиешелүү мекемелердин маалыматын укту. Жыйында милициянын «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринин жеке менчик компания иштеткен жерди кайтарганы мыйзамдуубу деген суроо көтөрүлдү. “Кыргызалтын” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков инвесторду коргоо аракети көрүлдү деп маалымдады.
«Терек-Сай» кенин түркиялык “Эти Бакыр” компаниясы иштетет. Буга чейин айылдын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар 5-ноябрда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган. ИИМдин билдирүүсүндө, “Шумкардын” 3 мүчөсү оор жараат алып, азыр ооруканада дарыланып жатат.
Окуя боюнча “Бейбаштык” жана “Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 4-декабрда Жалал-Абад облустук соту кармалгандардын бөгөт чарасын карап, алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.Терек-Сай айылынын бир нече жашоочусу кармалгандарды бошотууну, аталган ишкананын иштешине уруксат бербөөнү талап кылышууда.
Аймактагы чырдан улам 5-декабрда “Эти Бакыр Терексай” ишканасы убактылуу ишин токтоткон.
Количество просмотров: 28