• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

ИИМ: Ысык-Көлдө элди массалык түрдө шайлоого ташуу болгон эмес

10 Үчтүн айы 202115:17 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө элди массалык түрдө шайлоо тилкелерине ташуу фактысы аныкталган жок. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде ИИМдин тергөө бөлүмүн башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, териштирүүнүн натыйжасында даттануу негизсиз деп табылган.  

“Ысык-Көлдөгү элди шайлоо тилкелерине жарандары ташып келүү фактысы боюнча 9-январ күнү маалымат түшкөн. Белгисиз адам Жапаровдун тарапташтары тарабынан үгүт иши жүрүп жатканы тууралуу айткан. Бул боюнча текшерүү жүрүп, бекер ташуу фактысы такталган эмес. Автобекеттерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.”, – деди Макилов.  

Теги:
Количество просмотров: 78