• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

ИИМ: Журналист Темировго паспорт менен аскердик күбөлүк бергендерге юридикалык баа берилет

21 Чын куран 2022 16:33 Бишкек Govori.TV

Иликтөөчү журналист Болот Темировго паспорт менен аскердик күбөлүк бергендерге юридикалык баа берилет. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде ИИМдин өкүлү Бакыт Сеитов билдирди.

«Кылмыш иши тергелип бүткөн, бүгүнкү күндө өзү таанышып жатат. Кийин иш сотко жөнөтүлөт. ИИМ саясатка кийлигишкен жок, арыздын негизинде иш алып барып жатат. Анын башка укук коргоо органдарына кайрылганга толук укугу бар. Ишти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тергеп жатат»,-деди Сеитов.

Эске салсак, Бишкек шаардык милициясы журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча кылмыш иштерин козгогон. Милициянын маалыматына ылайык, Болот Темиров 1996-жылы 16 жашка чыкканда Орусиянын жараны деген паспорт алган. Ал бул паспортту 2002-2007-2014-жылдары жаңырткан. Орусиянын жараны болуп туруп, Кыргызстандын жараны деген паспортту жасалма документтер менен алган. Болот Темиров Орусиянын жараны экенин билип туруп, Кыргызстандын жараны деген паспорт алуу максатында 2008-жылы 11-июлда паспорт бөлүмүнүн кызматтык адамдары менен сүйлөшүүгө барып, Өзгөн аскер комиссариатына таандык жасалма аскердик билет тапшырган. Коргоо министрлигинде Болот Темиров аскердик кызмат өтөгөнү тууралуу маалымат жок. Андан тышкары Темиров орус жарандыгын жашырып, 2008-жылы 24-июлда жасалма күбөлүк тапшырган. Кийин бир канча жолу паспортун жаңырткан. Жасалма документтер менен алган паспорту менен мамлекеттик чек арадан элүүдөн ашык жолу өткөн жана мамлекеттик кызматта иштөөгө үлгүргөн.

Журналист Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганы тууралуу иликтөөсүнө байланыштырып жатат.

Количество просмотров: 243