• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Икрамов унаа тыгынын азайтуу үчүн жетекчилердин кортеждерин чектөөнү айтты

1 Жалган куран 2023 13:54 Бишкек Govori.TV

Депутат Тазабек Икрамов борбор калаадагы тыгындарды жөнгө салуу үчүн жетекчилердин кортеждерин чектөөнү сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте кортеждер өткөн учурда жол тосулганына байланыштуу чоң тыгындар жаралууда.

«Жолдогу тыгын, жумушка келе жатканда жана андан кийин… Ушул маселени жөн-жайына койсок жакшы болот эле. Могу кортеждерди элдер жумушка келе элекке чейин келсек, же болбосо элдер жумуштан кеткенден кийин, бир 8ден кийин биздин үстүдөгү адамдарыбыз жолду тозбой. Чейип бербейлиби, көпчүлүк эле унаалар жылбай калып жатат», — деди депутат.

Количество просмотров: 58