• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Илияз Иманбетов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды

15 Чын куран 2021 11:08 Бишкек Govori.TV

Иманбетов Илияз Жеңишович Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улугбек Мариповдун 2021-жылдын 14-апрелиндеги буйругу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

14-апрелде КР вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри Улугбек Кармышаков Салык кызматынын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.

КР вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри Салык кызматынын жаңы башчысына ведомствонун алдында турган приоритеттүү милдеттерди, анын ичинде салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча милдеттерди белгилей кетти, ошондой эле салыктык башкаруу системасында олуттуу реформаларды андан ары жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

КР Өкмөт башчысынын башка буйругуна ылайык Кабыл Абдалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.

КР вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри КР Өкмөтүнүн атынан Салык кызматынын мурдагы жетекчиси К.Абдалиевге салык органынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирип, анын кесипкөйлүгү жана тажрыйбасы өкмөт тарабынан ар дайым талап кылынаарын белгилей кетти.

Белгилей кетсек, Салык кызматынын жаңы жетекчиси Илияз Иманбетов бул кызматка дайындалганга чейин Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын начальниги болуп иштеп келген. Салык чөйрөсүндө 20 жылдан ашык иштеп келет, басымдуу бөлүгүндө жетектөөчү кызматтарды аркалаган.

Иманбетов Илияз Жеңишович, 06.01.1971-ж. туулган. Салык кызматынын I рангдагы кеңешчиси. Салык кызматынын отличниги.

Эмгек жолун 1995-жылы дыйкан чарбасында бригадир болуп иштөөдөн баштаган.

1998-2007-жылдары Ысык-Көл облусу боюнча Мамлекеттик салык инспекциясында бөлүм башчы, инспекциянын начальнигинин орун басары, инспекциянын начальниги болуп эмгектенген.

2007-2014-жылдары Мамлекеттик салык кызматынын Чыгыш аймактар аралык башкармалыгынын начальниги, 2014-2015-жылдары – Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын начальниги, 2015-2020-жылдары – Мамлекеттик салык кызматынын Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын начальниги кызматтарын аркалаган.

2020-жылдан тартып Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын начальниги болуп эмгектенген.

Количество просмотров: 2081