• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Инаугурация учурунда тартип бузуулар катталдыбы? ИИМдин жообу

29 Үчтүн айы 2021 12:24 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчынын кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу процедурасын өткөрүү учурунда укуктук тартип бузуулар катталган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Ички иштер органдары башка укук коргоо органдары менен биргеликте инаугурация учурунда коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздашты. Мамлекеттин башчысы кызматына киришүү салтанатуу иш-чарасын өткөрүү учурунда Бишкек шаарында жолдорду жабуу жана чектөөлөрдү киргизүү болгон жок. Мамлекеттик маанилүү иш-чараны өткөрүүдө коомдук тартиптин бузулушуна жол берилген жок», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ президенттикке талапкер, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин он чакты тарапташын жана аялы Айнура Сегизбаеваны Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдынан милиция кармап кеткен. Камакка алынгандар Сегизбаевди колдоо максатында филармониянын алдына пикетке чыккан. Аларды Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишип, кийин бошотушкан.

Количество просмотров: 102