• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Индияда ысыктан жүзгө жакын адам каза болду

19 Кулжа 202311:23 Бишкек Govori.TV

Индиянын Уттар-Прадеш штатында катуу ысыктан 98 адам каза болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазды.

Уттар-Прадештин өкмөтү каза болгондор боюнча иликтөө башталганын билдирди. Эки штатта тең абанын температурасы 45 градуска жетет.

Бихар штатынын административдик борбору Патна шаарында мектептерде сабактар ​​24-июнга чейин токтотулганы кабарланды.

Количество просмотров: 196