• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Индонезиядагы цунами 400гө жакын адамдын өмүрүн алды

29 Аяк оона 2018 12:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.09.2018.Govori.TV.

Индонезияга караштуу Сулавеси аралындагы Палу шаарындагы зилзала менен коштолгон цунами кеминде 384 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн бийлиги 29-сентябрда маалымдады.

Маалыматка ылайык, бийиктиги эки метрге жеткен цунами жума күнү кечинде Палу шаарындагы бир нече үйдү каптаган. Ага чейин бул шаарда очогунда 7.5 балл жер титирөө катталган эле.

Жергиликтүү телеканалдар көрсөткөн видеодо күчтүү суунун агымы 350 миң киши жашаган шаардагы имараттарды каптап жатканын көрүүгө болот.

“Кырсыкта каза болгон адамдардын сөөгү бир нече жерден табылды. Аларды урап калган имараттар басып калган жана цунаминин агымы алып кеткен”,-деп билдирди Табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча агенттиктин өкүлү Сутопо Пурво Нугрохо.

Ушу тапта жергиликтүү бийлик 384 адамдын каза болгонун жана жүздөгөн адамдардын жаракат алганын расмий жарыялады. Жаратылыш кырсыгынан ажал тапкандардын жана жабыркагандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экени болжолдонууда.

Теги:
Количество просмотров: 8