• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Индонезиядагы суу ташкынынан 222 киши каза болуп, 843 адам жаракат алды

24 Бештин айы 2018 9:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.12.2018. Govori.TV

Кечээ, 23-декабрда Индонезиядагы цунамиден 222 киши каза болуп, 843 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Жер очогу 105,8 километр тереңдикке чейин ачылып, жанар тоо атылгандан кийинки суу толкунунун бийиктиги үч метрге жеткен. Учурда 28 адам дайынсыз болууда.

Индонезиянын Метеорология жана геофизика боюнча агенттигинин окумуштуулары цунами өлкөнүн Ява жана Суматра аралдары ортосундагы кысыкта Анак-Кракатау жанар тоосунун атылышынан улам пайда болду деп болжолдоп жатышат.

Адамдарды өлүмү дагы өсүшү мүмкүн экени болжолдонууда.

Количество просмотров: 17