КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилген өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеште каттоодон өттү. Ага жалаа жабуу жана ар-намыска шек келтирүү боюнча кошумча беренелер киргизилген.
Министрлер Кабинети сунуштаган бул өзгөртүүлөргө ылайык, интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы адамга жалаа жабуу, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө айып пулдун өлчөмүн жогорулатуу каралган.
Документ Жогорку Кеңештин сайтында 25-июлда коомдук талкууга коюлган.
Анын негиздеме катында соңку учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте адамды шылдыңдоо, кемсинтүү учурлары көбөйгөнү белгиленет. Документте “күнөөнү далилдөөнүн татаалдыгынан жана юридикалык ченемдердин көп маанилүүлүгүнөн улам жазасыз калууда” деп жазылган.
Министрлер Кабинети Укук бузуулар жөнүндө кодексине бул боюнча өзгөртүүлөрдү киргизип, жеке адамдарга 1000 эсептик көрсөткүч – 100 миң сом, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч – 200 миң сом айып пул салууну сунуштады. Мындан ары ар бир адам соцтармактарга бирөөлөр тууралуу жазаарда ойлонуп жазышы керек болот.
Коомдук талкуунун этабында айып салуунун көлөмү жеке жактарга 7500 сомго, юридикалык жактарга 23 миң сомго барабар болгон.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, ар бир жаран өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп, жоопкерчилик маселесине көңүл бурууну эскертип келет.