Бишкек шаарында коркутуп-үркүтүүгө шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 11-январда милиция кызматкерлерине кайрылган М.М. шантаж жолу менен 30 миң сом талап кылып жаткан адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Акча талап кылгандар эгерде талабы аткарылбаса, анын кыздар менен бирге тартылган интимдик сүрөттөрүн туугандарына көрсөтө турганын айтып коркутушкан.
Ленин РИИБдин кызматкерлери 15 миң сом алып жаткан учурда 1985-жылы туулган С.С. (аял киши) аттуу жаранды кармашты. Шектүү камакка алынып, тергөө уланып жатат.