• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Иранда калган кыргыз айдоочулары Азербайжан аркылуу келмей болду

11 Жалган куран 202014:16 Бишкек Govori.TV

Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын айрымдары Азербайжан аркылуу келгени жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 11-марта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз тарап Азербайжандын тийиштүү мекемелери менен сүйлөшүү жүргүзүп, транзиттик коридор сураган.

«9-мартка карата иран-азербайжан чек арасында жүк ташуучу 23 унаа бар болчу. 9-11-мартта «Астара» көзөмөл-өткөрмө пунктунда (азербайжан-иран чек арасы) 11 жүк ташуучу унаа өттү. Калган 12 айдоочу жана унаалар учурда паспорттук-бажы көзөмөлдөн өтүп жатышат»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Иран-Түркмөнстан чек арасында коронавируска байланыштуу кыргыз айдоочулары карантинде камалып калган. Алар өлкө жетекчилигинен Ирандын аймагынан чыгарып кетүүнү суранышкан.

Количество просмотров: 83