• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Ирандагы мелдеште кыргызстандык жөө күлүктөр 4 медаль утуп алды

14 Үчтүн айы 202014:24 Бишкек Govori.TV

Иранда өткөн ачык чемпионатта жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курамасы 4 медаль утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тегеран шаарында 9-10-январь күндөрү өткөн мелдешке алты өлкөнүн спортчулары катышкан.

«Гүлшанай Сатарова 3 миң метр аралыкта биринчи болсо, 1,5 миң метр аралыктагы жарышта экинчи орунду алган. Ева Кадырова 60 метр аралыкта, ал эми Нурсултан Кеңешбеков 3 миң метрлик жарышта коло байгелүү болду»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жалпысынан Кыргызстандын атынан мелдешке 6 жөө күлүк катышкан.

Количество просмотров: 114