• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Ирина Карамушкина: Өмүркуловду колдогондор кийинки шайлоого КСДП менен барбайт

1 Жетинин айы 201811:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.11.2018.Govori.TV.

31-октябрда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алганын партиянын катчылыгы кабарлаган. Бул тууралуу ЖК депутаты Карамушкина, «Өмүркуловду колдогондор кийинки шайлоого КСДП менен барбайт»,- деген оюн айтты.

«Иса Өмүркулов партиядан чыгарылды. Буга саясий кеңештин 9 мүчөсү катышып, чечим чыгарган. Бирок, алардын атын атаган жок. Фракциянын пикири партия үчүн маанилүү эмес. Алар эмне десе дагы Өмүркулов партиядан четтетилди. Эми Өмүркуловду колдогондор кийинки шайлоого КСДП менен барбайт»,- деп билдирди Ирина Карамушкина.

Количество просмотров: 63