Оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн К.Б.У. жана К.Ю.С. атуу чет өлкөлүк жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
УКМКнын жана Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан чет өлкөнүн жарандары 23 жашатагы К.Б.У., 24 жашатагы К.Ю.С. оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүрүп кармалды.
Жогоруда аталган адамдар Кыргызстандын аймагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо жана адалдоо боюнча эл аралык каналга тиешеси бар экендиги, кыймылсыз мүлк объектилери боюнча жасалма бүтүмдөр боюнча салык төлөмдөрүн төлөбөгөндүгү аныкталды.
Бул адамдар Кыргызстандын аймагында катталган, бирок иш жүзүндө жол курулуш компаниясынын директорлору болуп, Кыргызстандын жана өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн чет мамлекеттердин жарандарын аныкташып жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, коммерциялык банктарынын биринде көрсөтүлгөн акча каражаттарын накталай акчага берүүнү ишке ашырган жана накталай акча каражаттарын алгандан соң чет өлкөгө кайтарууну камсыз кылып турушкан.
Азыркы учурда УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.