• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Издөөдө жүргөн кыргызстандык Россиядан кармалып, экстрадицияланды

9 Бирдин айы 2022 10:22 Бишкек Govori.TV

2014-жылы атайылап саламаттыкка атайылап залал келтирүү жана киши өлтүрүүгө аракет кылуу беренелеринин негизинде издөөдө жүргөн Чүй облусунун К.М. аттуу жашоочусу Россияда кармалып, өз мекенине экстрадицияланды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 29 жаштагы К.М. аттуу жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (“Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү”) жана 28-97-беренелери (“Киши өлтүрүүгө аракет кылуу”) боюнча издөө жарыяланып, ал тергөө жана сот органдарынан качып жүргөн.

“2014-жылдын январь айында Аламүдүн районунун аймагында бир топ балдар 32 жана 33 жаштагы жарандарды катуу сабашкан. Жабырлануучулардын бири денесине оор жаракат алып, өмүрүнө коркунуч келтиргени аныкталган. Буга чейин аталган кылмышка шектелип алты жаран кармалып, аларга айыбы угузулуп, иш сот органдарына жөнөтүлгөн. Алардын ичинен эки жаран из жашырып жүрүп, кийин башка өлкөдөн кармалып келген”, — деп айтылат маалыматта.

Дагы бир шектүү К.М. жети жылдан ашык из жашырып жүргөн. 2021-жылдын жай айында издөөдө жүргөн К.М. Россиянын Якутия Республикасындагы шаарлардын биринен кармалган.

2022-жылдын февраль айынын башында ал өлкөгө экстрадицияланып, учурда тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 140