• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Издөөдө жүргөн жаран 1 жылдан кийин кармалды

29 Баш оона 2023 17:08 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери мурда бир нече жолу соттолгон, оор кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жакында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсү менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү), 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу), 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1992-жылы туулган Х.А.нын жүргөн жерин аныкташкан. Аны кармоо операциясы Чүй облусунун аймагында жүргүзүлгөн.

Жаран Х.А. “Карышкыр” каймана аты бар криминалдык төбөл Мурсалым Умырзаковдун жакын адамдарынын бири. Умырзаков “Уюшкан топ түзүү же ага катышуу”, “Адам уурдоо”, “Опузалап талап кылуу” жана “Адам өлтүрүү” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылган.

Эске салсак, 2022-жылдын жаз айларында Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагынан белгисиз адамдар жыйырма тогуз жаштагы жаранды уурдап кетип, көрүстөнгө алып барып, денесине оор залал келтиришкен. Ал жаран адам өмүрүнө туура келбеген жаракаттан улам каза болгон.

Көп өтпөй тергөө учурунда бул оор кылмышка тиешеси бар төрт адам кармалып, алардын арасында “Карышкыр” каймана аты бар криминалдык төбөл да бар экени аныкталган. Кылмыштын буйрутмачысы катары өлтүрүлгөн жаран менен чогуу жашаган аял кармалган. Алардын бардыгына кылмыш иши козголуп, учурда жазасын өтөп жатышат.

Бирок, жаран 1992-жылы туулган Х.А. бул оор кылмышка түздөн-түз тиешеси бар болгондуктан, изин жашырып жүргөн. Ага карата издөө жарыяланган.

2023-жылдын июль айынын аягында милицияга Жалал-Абад шаарынын 24 жаштагы тургуну кайрылып, аны эркек киши сабап, денесине оор залал келтиргенин билдирген. Жабырлануучу аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Маалым болгондой, кылмышкер аялдын уюлдук телефонун тартып алган, ошондой эле анын электрондук капчыгынан 52 миң сомдон ашык акча каражатын чыгарып кеткен. Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул укукка каршы аракеттерге бир катар беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн Ош облусунда туулган жаран Х.А.нын тиешеси бар экендигин аныкташкан.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Чүй облусунун Панфилов районунун аймагынан издөөдө жүргөн жаранды кармашкан. Кармалган адам Жалал-Абад ОИИБге жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 113