• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Изделип жаткан 18 жаштагы Альбина Бапиева табылды

9 Чын куран 202116:35 Бишкек Govori.TV

Бишкекте дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Альбина Бапиева табылды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Бапиева 8-апрелде эртең мененки саат 8:00дө Бишкек шаарынын 7-кичирайонунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эместиги буга чейин айтылган.

“Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Чүй облусунун Ленин айылындагы кафелердин биринде дайынсыз жоголгон Альбина Бапиева табылган. Ал Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына алып келинип, ата-энесине өткөрүлүп берилген”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 15238